Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-ноябры № 463-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетине Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын түндүк жагындагы улай салынган курулушту-турак эмес жайды коммуналдык кызматтарга жана пайдалануу сарптоолоруна акы төлөө менен убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен имараттын негизги багытын сактап, ажыратуу жана үчүнчү жакка өткөрүп берүү укугусуз шарттарда убактылуу акысыз пайдаланууга келишим түзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |