Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-ноябры № 465-б
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы "Stans Energy Corp" компаниясы демилге кылган арбитраждык териштирүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укугун коргоону камсыздоо жана кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн эл аралык юридикалык компанияны тандап алуу максатында:
1. Эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эл аралык юридикалык компанияны тандоону ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тандалган эл аралык юридикалык компания менен юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө келишим түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түзүлгөн келишимге ылайык тандалган эл аралык юридикалык компаниянын юридикалык кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн белгиленген тартипте финансы каражаттарын карасын жана "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" деген 26630-берене боюнча төлөп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине тандалган эл аралык юридикалык компанияга тапшырмаларды берүү, аны менен консультацияларды өткөрүү жана алардан отчетторду алуу боюнча милдеттер жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 465-б буйругуна тиркеме |
Шыкмаматов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Зилалиев Д.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Худайбергенов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук дёпартаментинин атташеси; |
Алимбеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясатты башкармалыгынын начальниги; |
Муканов Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси. |