Редакцияот 06.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 6-ноябры № 438-6

Кыргыз Республикасына Россия Федерациясы тарабынан техникалык жардам катары берилген Ми-8МТВ-1 С тик учагы менен литердик каттамдардын учууларын коопсуз аткарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине литердик каттамдарды аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (авиакеросин) сатып алууга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардан 2 176 000 (эки миллион жүз жетимиш алты миң) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте Ми-8МТВ-1 С тик учагынын кыймылдаткычтарын иштетүүнү жана табыштамаларга ылайык "А" литер учууларын коопсуз жана өз убагында аткаруу үчүн экипаждарды даярдоону камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев