КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-декабры № 487-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 13-декабрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 60-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда бекитилсин.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Клименко Илья Петровичке КМШнын Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйьгаынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилее жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |