Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-майы № 175-б
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 9347900,0 (тогуз миллион үч жүз кырк жети миң тогуз жүз) АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине которгондугу үчүн "РСК Банк" ачык акционердик коомунун банктык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча сарптоолорун каржылоону 2013-жылдын республикалык бюджетинин "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" 2215-беренеси боюнча каралган каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |