Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-майы № 178-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөрдүн долбоорлору жактырылсын:
- "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун;
- "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоору боюнча ЕККӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан инвестициялык грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларда каралган баардык финансы каражаттарын, жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууга 8000000 (сегиз миллион) евро бөлүп берүү жөнүндө Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонду кабыл алган чечимди көңүлгө алуу менен, бирдиктүү жалпы сумма катары карасын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |