Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 14-майы № 180-б
Дүйнөлүк банктын "Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциялар" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Жоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчисинин орун басары; |
Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Байгөнчөков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министрине Дүйнөлүк банктын "Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциялар" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |