Редакцияот 14.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 14-майы № 181-б

Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) 2013-жылдын 15-18-майында болуучу Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын он экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:

Султанов Калыкбек Иманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасы;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Саралаев Урмат Кадыкеевич

-

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Жекшенов Бактыбек Жекшенович

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы;

Дүйшөмбиев Раимберди Сейдакматович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;

Кенжебаев Дыйканбай Бакашович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Жолчиев Бакир Дыйканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Үсөналиева Назира Сагындыковна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

Шалпыков Бактыбек Абдыакимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Сыдыков Данияр Батырович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

Сыдыкова Гүлмира Ракыевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Сырдыбаев Данияр Бакалович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;

Асанов Алмазбек Аскерович

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;

Үсөналиев Марат Жолдошбекович

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;

Акматов Адылбек Тентимишович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги;

Тыналиева Бакыт Карыбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Налобина Елена Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги;

Калилов Жамшитбек Калилович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоордук-иликтөө институтунун директору;

Мамбеткожоев Шайлообек Садырович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын башкы инспектору;

Махмашарипов Салимбек

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинин башкы адиси;

Ниязалиев Дастан Картаңбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи катчысы;

Саякбаев Данияр Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин үчүнчү катчысы;

Эргешов Орозбек Сатимбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаменти" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Исраилов Абдылда Нургазиевич

-

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Жумабаев Максат Искендербекович

-

"Кыргызстандын улуттук электр тарамы" ачык акционердик коомунун коммерциялык-диспетчердик борборунун келишимдер, сатуу жана эсептөөлөр бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Бөрүбаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн башчысы;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Кадырбаева Светлана Асангазиевна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын катчысы.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев