КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-августу ПБ № 119
Мамлекеттин жана коомдун таламдарын коргоону камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн салтын чындоо жана улантуу, сиңирген эмгегин таануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардактуу белгиси катары, аскердик абройдун, каармандыктын жана даңктын символу Күжүрмөн Тууну Кыргыз Республикасынын Президентинин грамотасы менен бирге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин төмөнкү бригадаларына жана бөлүктөрүнө тапшырылсын:
- 2-бригадага ( Бишкек ш, 702-а/б);
- 3-бригадага (Ош ш, 703-а/б);
- 6-бригадага ( Кара-Көл ш, 718-а/б);
- атайын дайындалыштагы "Шер" отрядына (Бишкек ш., 714-а/б).
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |