Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-майы № 184-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана 90-беренесине ылайык, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруу тартибин өркүндөтүү, алардын салык салынуучу базасын жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көбөйтүү максатында:
1. Тиркелген: Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн башкаруу тартибин өркүндөтүү жана өнбөгөн калдыкты кыскартуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу министрликтер жана ведомстволор квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турсун.
4. Бул буйрук расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 184-б буйругу менен бекитилген |
№ | Иш-чаралардын аталышы | Ишке ашыруу жолдору | Өткөрүү мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Мүлк салыгынын салык салынуучу базасын көбөйтүү | Кыймылсыз мүлктүн турак жай жана турак жай эмес фонддорун толук инвентаризациялоо | 2013-жылдын 1-ноябрына чейин | Мамкаттоо |
|
| Объектилер боюнча кыймылсыз мүлктү салыктык (каттоо) эсепке алууну киргизүү | 2013-жылдын 1-ноябрына чейин | МСК |
|
| Мамкаттоо менен МСКнын маалыматтарын салыштыруу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген параметрлерге ылайык 1, 2-топтор боюнча салык салынуучу базаны аныктоо (ишкердик иште пайдаланылуучу 1-топтогу турак жайды 2-топко которуу) | 2013-жылдын 1-ноябрына чейин | МСК, Мамкаттоо |
|
| 3-топтун объектилерин инвентаризациялоо жана салыктык (каттоо) эсепке коюу | 2013-жылдын 1-ноябрына чейин | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), базарлардын дирекциялары (макулдашуу боюнча) |
|
| 4-топтун объектилерин инвентаризациялоо, маалыматтарды салыштыруу жана салыктык (каттоо) эсепке коюу | 2013-жылдын 1-ноябрына чейин | МСК, Мамкаттоо, ИИМ (ЖКК) |
|
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүн салык салынуучу базасын көмүскөдөн чыгаруу боюнча чараларды көрүү үчүн МСКнын, Мамкаттоонун, ЖӨБдүн, ЭККМКнын, коомчулуктун жана башкалардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам таасир этүүнүн атайын топторун түзүү | 2013-жылдын 1-майы | МСК, Мамкаттоо, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭККМК, ЖМК (макулдашуу боюнча) |
|
| Кыймылсыз мүлктүн курулушу бүткөн объектилерине менчик укугун мамлекеттик каттоодон качкан адамдарды аныктоо, аныкталган укук бузуулар боюнча материалдарды сотко жиберүү | Ай сайын | Комиссия (МСК, Мамкаттоо, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), ЭККМК) |
2 | Контейнерлер- ди жана жеңилдетилген түрдөгү мүлктүн башка түрлөрүн ижарага берүүчүлөргө салык салууну жана камсызданды- руу төгүмдөрүн башкарууну жакшыртуу | Иш жүзүндө ижарага берүүчүлөрдү жана ижара акыларынын суммаларын аныктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, Соцфонд ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭККМК, ИИМ |
3 | Батирлерди ижарага берүүчүлөрдү кошкондо, катталбаган ишкердик ишти аныктоо жана аларды МСКга жана Соцфондго эсепке коюу | Турак жайларды иш жүзүндө ижарага берүүчүлөрдү аныктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, Мамкаттоо, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭККМК, ИИМ, Соцфонд |
|
| Салыктык эсепке койбостон ишкердик иш менен алектенген жеке жактарды аныктоо боюнча, "көмүскөдөгү" эмгек акыны мыйзамдаштыруу жана укуктук мамилелерди тариздөөсүз жалданма жумушчулардын эмгегин пайдаланган иш берүүчүлөрдү аныктоо маселелери боюнча ишкердик иш жүргүзүлгөн жерлерде рейддик иш-чараларды өткөрүү | Ай сайын | Комиссия (МСК, Мамкаттоо, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), ЭККМК) |
|
| Коммерциялык түзүмдөрдөн (электр - жылуулук энергиясы, газ, суу, таштандылар ж.б.) тийиштүү төлөмдөрдү өндүрүү үчүн мамлекеттик башкаруунун башка түзүмдөрүнө МСКнын аныкталган экономикалык иштер боюнча маалыматтарын берүү | Ай сайын | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр |
|
| Салыктык (эсептик) каттоого коюу боюнча тийиштүү чараларды көрүү үчүн жаңы уюмдардын, өкүлчүлүктөрдүн, филиалдардын, башка обочолонгон бөлүмдөрдүн, жеке ишкерлердин жана жеке жактардын ЖӨБдүн аймагында иш жүргүзүп баштаган фактылары жөнүндө салык органдарына жана Соцфонддун райондук/шаардык башкармалыктарына маалымдоо | Ай сайын | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МСК, Соцфонд |
|
| Айрым салык төлөөчүлөрдүн иш жүзүндө жашаган жерин аларга салыктык чечимдерди жана төлөм документтерин тапшырууну камсыздоо үчүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү | Дайыма | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МСК |
4 | Салык салуу максатында жерди толук инвентариза- циялоо | Муниципалдык-аймактык башкармалыктарды тартуу жана үй комитеттерин, кварталдык комитеттерди ж.б. мобилизациялоо менен администрациялык-аймактык бирдиктердин чегинде жайгашкан жер участкаларын инвентаризациялоо жана маалыматтар базасын түзүү | 2013-жылдын 1-июну | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МСК |
|
| Жалпы пайдалануудагы көп батирлүү үйлөр турган жерлерди кошкондо, салык салынуучу объектилерди МСКга эсепке коюу жана жер участкаларынын укуктуу ээлерин жана алардын үлүшүн аныктоо | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
5 | Муниципалдык токтотуучу жайларды башкарууну жакшыртуу | Автомашиналарды токтотуучу жайларга хронометраждык изилдөө жүргүзүү | 2013-жылдын 1-июну | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭККМК |
|
| Жүргүзүлгөн хронометраждын негизинде ижара акысын белгилөө боюнча эсептөөлөрдү жерлерди автомашина токтотуучу жай катары пайдалануунун натыйжалуулугун эске алуу менен кайра кароо | 2013-жылдын 1-июлу | ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
6 | Бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар боюнча башкарууну күчөтүү | Мамлекеттик сатып алууларга өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды МСКга берүү | Квартал сайын | Финмин |
|
| Мамлекеттик сатып алууларга өткөрүлгөн тендерлер боюнча берилген маалыматтын жыйынтыгына мониторинг жана текшерүү жүргүзүү | Квартал сайын | МСК, ЭККМК |
7 | Эмгек акынын жашыруун формаларын көмүскөдөн чыгаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу | Эмгек акы, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө маселелери боюнча атайын комиссияларды түзүү | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, Соцфонд, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), ЭККМК, коомчулук (макулдашуу боюнча) |
|
| Салык базасын, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү толук чагылдыруу боюнча чарбалык субъекттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Ай сайын | Комиссия (МСК, Соцфонд, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча), ЭККМК, коомчулук (макулдашуу боюнча) |
|
| МСКда, ЖӨБОдо (макулдашуу боюнча) жарандарга эмгек акы боюнча болгон карыз жөнүндө, иш берүүчүлөр тарабынан эмгек акы төлөөнүн жашыруун схемаларын колдонуу жөнүндө маалымдоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн "ишеним телефонун" уюштуруу | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
8 | Курулуш компаниялары- нын пайдасынын көлөмүн көмүскөдөн чыгаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу | Минималдуу зоналык бааларды же турак жайдын 1 кв. метринин сатылуучу наркын белгилөө | 2013-жылдын 1-июлу | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
|
| Курулуш иштерин аткаруучуларды аныктоо жана кирешелерди толук чагылдырууну жана салыктарды эсептөөнү контролдоо үчүн курулуп бүтө элек объектилер боюнча рейддерди жүргүзүү | Ай сайын | МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭККМК, ЖМК (макулдашуу боюнча), коомчулук (макулдашуу боюнча) |
9 | Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча өнбөгөн калдыкты өндүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана көрүү | Салык декларацияларында зыяндарды андан ары ЖМКга чыгаруу менен билдирген уюмдардын ишин кароо | Ай сайын | МСК, ЭККМК, ЖМК (макулдашуу боюнча) |
|
| Бюджет алдында карызды азайтуу жана ыктыярдуу салык төлөөчүнүн кадыр-баркын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды ЖМКда, МСКнын жана ЖӨБОнун (макулдашуу боюнча) расмий сайтында жайгаштыруу | Ай сайын | МСК, ЭККМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖӨБО | - | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИМдин ЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |