Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-майы № 185-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, салык мыйзамдарын реформалоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Таткулов Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Максутов Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Малабеков З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Төрөбаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |