Редакцияот 20.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 20-майы № 188-б

Ат-Башы ГЭСин кайра конструкциялоо аркылуу Нарын жана Ысык-Көл облустарына электр берүүнүн ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Финансылык жардам көрсөтүү ("Ат-Башы ГЭСин кайра конструкциялоо" долбоору) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун ортосундагы макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев