Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 20-майы № 189-б
1. Расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- "Кант шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору;
- "Кант шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоору боюнча финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швецария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кант шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларда каралган финансылык каражаттарды бирдиктүү жалпы сумма катары карасын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |