Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 21-майы № 190-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |