Редакцияот 21.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 21-майы № 193-б

Табигый кырсыктан жапа чеккен Нарын областынын Жумгал районунун Миң-Куш айылынын, Ош областынын Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жана Чүй областынын Аламүдүн районунун Прохладное айылынын калкына кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратына Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундары үчүн 150 тонна 1-сорт унду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратына Кара-Суу районунун Барак эксклавынын тургундары үчүн 10 тонна 1-сорт унду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратына Аламүдүн районунун Прохладное айылынын тургундары үчүн 6,45 тонна 1-сорт унду берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын областынын Жумгал районунун Миң-Куш айылына, Ош областынын Кара-Суу районунун Барак эксклавына жана Чүй областынын Аламүдүн районунун Прохладное айылына унду жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын, Ош жана Чүй областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараттары Миң-Куш айылынын, Барак эксклавынын жана Прохладное айылынын тургундарына берилип жаткан унду кайтарымсыз негизде даректүү тапшырууну камсыздап беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде төмөнкү чыгымдарды каржылоону ишке ашырсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мамлекеттик резервге азык-түлүк буудайынын данынын корун толуктоо боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин белгиленген жерлерге унду жеткирүү боюнча.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев