Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-майы № 201-б
1. КМШга катышуучулардын Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 28-31-майында өтө турган "Калктын ден соолугу - Шериктеш өлкөлөрдүн гүлдөп өсүшүнүн негизи" деп аталган II Мамлекеттер аралык форумуна катышуу үчүн төмөнкү адамдар жиберилсин:
Сагинбаева Д.З. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Абдиев Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Исаков Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин башкы директору; |
Исаев С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Алтымышева А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун илимий катчысы. |
2. Барып келүүгө жана жашап турууга байланыштуу иш сапардык чыгымдар форумдун уюштуруучуларынын эсебинен, суткалык чыгымдар - алар иштеген уюмдардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгилеген ченемдерге ылайык төлөнөт.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |