Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-майы № 203-б
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2020-жылдарга чейинки мезгилде КМШга катышуучу мамлекеттердин Мамлекеттер аралык инновациялык кызматташуу программасынын Мамлекеттер аралык пилоттук инновациялык долбоорлорунун тизмеги жөнүндө чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин КМШнын патенттер банкын жана инновацияларды түзүү концепциясы жөнүндө чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин КМШга катышуучу мамлекеттердин Темир жол транспортунда террорго каршы күрөшүү иштеринин концепциясы жөнүндө чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2020-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2013-2015-жылдарга иш-чаралар планы жөнүндө чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү боюнча макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында мамлекеттер аралык мамилелерин координациялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- 1992-жылдын 26-июнундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында кызматташуунун негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Үрөнчүлүк маселелер боюнча өкмөттөр аралык координациялык кеңеши жөнүндө жобонун ишин токтотуу тууралуу чечиминин долбоору;
- Расмий статистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистика комитети жөнүндө жобонун ишин токтотуу тууралуу чечиминин долбоору;
- 1999-жылдын 4-июнундагы Мезгилдүү басма сөз, китеп чыгаруу, китеп таратуу жана полиграфия жаатында кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколунун долбоору;
- Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин Уставы жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин Уставынын жаңы редакциясы жөнүндө чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши жөнүндө жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 2013-2017-жылдарга КМШга катышуучу мамлекеттердин Радионавигацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары (пландары) жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын чечиминин долбоору;
- 1997-жылдын 17-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдей (жалпы) билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү документтерин өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймагына кирген үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүү боюнча иштерди каржылоо жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн дене тарбия жана спорт боюнча адистерди даярдоо боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин "С.М.Киров атындагы аскердик-медициналык академиясы" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык казналык аскердик билим берүү мекемесинин түзүмдүк бөлүгүнө - Аскердик дене тарбия институтуна берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын чечиминин долбоору;
- КМШга катышуучу мамлекеттердин изилдөөчү ядролук орнотмолордун коопсуздугун камсыз кылуу жаатында маалымат алмашуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун статусун "Мамлекеттик илимий борбор;
- Атомдук реакторлор илимий-изилдөө институту" ачык акционердик коомуна (Россия Федерациясы) берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын чечиминин долбоору;
- 2013-2015-жылдарга билим берүү жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташуунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын чечиминин долбоору.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |