Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-майы № 211-б
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу аткаруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - 2013-жылга республикалык бюджет) белгиленген көрсөткүчтөргө ылайык салыктык жана башка төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджеттин кирешесине түшүүсүн камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2013-жылга республикалык бюджетте белгиленген көрсөткүчтөргө ылайык белгиленген тартипте акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден кирешелердин жана чарбакер шериктештиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы акциялары (үлүштөрү) боюнча башка кирешелердин, мамлекеттик менчикте турган объекттердин ижарасынан кирешелердин, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын жана башка кирешелердин республикалык бюджетке түшүүсүн белгиленген тартипте камсыз кылсын.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдаланууну камсыз кылсын;
- программалык кредиттерди алуу жөнүндө эл аралык макулдашууларда каралган шарттарды аткаруу үчүн контролду, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин жана ай сайын отчет беришин белгилесин;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча карызды өз убагында төлөөгө контролдоону белгилесин;
- бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлору боюнча мониторингдөөнү жана отчетторду 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн 2013-жылдын 20-августуна чейин жана 2013-жыл үчүн 2014-жылдын 20-февралына чейин берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2013-жылга республикалык бюджетке ылайык категориалдык гранттарды максаттуу пайдаланууну жана теңдештирүүчү гранттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- жеке менчикте турган объекттерди курууну жана кайра конструкциялоону каржылоого жол бербесин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |