Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-майы № 216-б
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу жана активдерин сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызгаз" ачык акционердик коомун инвестиция тартуу жолу менен модернизациялоо үчүн анын бардык мүлкүн, укуктарын, милдеттенмелерин жана кызыкчылыктарын өткөрүп берүү менен "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун активдеринин базасында жоопкерчилиги чектелген коом формасында туунду коомду түзүү жөнүндө маселени "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |