Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-майы № 219-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 470-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мектепке чейинки билим алуу укугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине жана "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:
1. Мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитет, ошондой эле муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды кошкондо башка мекемелер жана уюмдар 2013-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө аларды кийин тикелей багыты боюнча пайдалануу үчүн бошотуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- 2013-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарына жайгаштырылган мамлекеттик органдардын, муниципалдык мекемелерди жана уюмдарды кошкондо мекемелердин жана уюмдардын тизмесин түзүшсүн жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин;
- 2013-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарына жайгаштырылган мамлекеттик органдарга имараттарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишсин;
- 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын ээлешкен министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитет, ошондой башка мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын белгиленген тартипте өткөрүп беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүүгө чыгымдардын сметасын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүү үчүн финансылык каражат бөлүүнү караштырган "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бошотулган имараттарын калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражатты берилген сметага ылайык бөлсүн.
4-1. Бул буйруктун күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарына жана мекемелерине, ошондой эле башка аскердик түзүлүштөргө карата колдонулбайт.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |