Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-майы № 194-б
1. Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин каты менен бирге 2012-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган гранттын эсебинен автомобилдерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү алмашуучу каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине жогоруда аталган алмашуучу катка принциптүү эмес мүнөздегү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул буйруктун 1-пунктунда айтылган алмашуучу катта каралган автомобилдерди алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |