Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-майы № 224-б
Кыргыз Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан электр энергиясын Афганистан Ислам Республикасына жана Пакистан Ислам Республикасына экспорттоо каралган Борбордук Азия жана Түштүк Азия региондук электр энергия рыногу" (CASAREM) долбоорунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында:
1. "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча негизги макулдашуулардын коммерциялык принциптери тууралуу жана биргелешкен иштер жөнүндө макулдашуулардын пакетинин негизинде долбоорду даярдоо тууралуу Өкмөттөр аралык кеңештин резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине жогоруда аталган Резолюциянын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |