Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-июну № 225-б
1. "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |