Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-июну № 226-б
"Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дирижер Асанкан Жумахматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Эрматов Э.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кудайбергенов Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Саламатов Т.С. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; |
Үсөнбаев М.А. | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Бегалиев М.А. | - | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору; |
Осмоналиев P.O. | - | А.Жумахматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык оркестринин башкы дирижеру; |
Чокиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Токтосартов А.Т. | - | "Руханият" ассоциациянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков Б. | - | "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору; |
Жумахматова Ж.А. | - | А.Жумахматовдун кызы (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дирижер Асанкан Жумахматовдун 90 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин, тартылган министрликтердин жава ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |