Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-июну № 227-б
"Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Иманалиев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Саккараев М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы аким; |
Токтосартов А.Т. | - | "Руханият" ассоциациянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Шаршенбаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Алышпаев М.У. | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатрынын директору; |
Бектеналиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Садык Шернияз | - | Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Байдөбөтов Д. | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Чалабаев Э.В. | - | Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын директору; |
Базаров Г.С. | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков Б.О. | - | "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору; |
2. Уюштуруу комитети эки айлык мөөнөттө СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин, тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |