Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-июну № 229-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 351-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Европа инвестициялык банкы менен кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү үчүн укуктук негиздерди белгилөө максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Европа инвестициялык банкынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Алкактык макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өзгөртүүлөрдү жана принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Алкактык макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |