Редакцияот 10.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 10-июну № 237-б

Чүй облустук "Сары-Өзөн" телерадио берүү компаниясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- белгиленген тартипте Чүй облустук "Сары-Өзөн" телерадио берүү компаниясына таандык колдонулбай турган жабдууларга (кубаттуулугу 500 Вт болгон эки ДМВ бергичтерге жана кубаттуулугу 100 Вт болгон бир ДМВ бергичке) баалоо жүргүзсүн;

- жогоруда аталган жабдууларды аукциондо сатсын;

- жогоруда аталган жабдууларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын Чүй облустук "Сары-Өзөн" телерадио берүү компаниясынын атайын эсебине түшүүсүн камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- жогоруда аталган жабдууларды сатуудан түшкөн сумманы эске алуу менен Чүй облустук "Сары-Өзөн" телерадио берүү компаниясынын кирешелер жана чыгымдар сметасында тактоолорду жүргүзсүн;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жабдууларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын суммасына республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн кошумча көбөйтүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев