Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 243-б
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жапайы жырткыч жаныбарлардын (карышкырлар жана чөөлөр) санын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин балансына 5,6 мм калибрдүү "ТОЗ-8" маркасындагы 50 (элүү) мылтыкты белгиленген тартипте акысыз негизде өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган дүрмөт менен атуучу куралды белгиленген тартипте өз балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |