Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-июну № 244-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, биринчи Премьер-министри Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Нарбаев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Зулпукаров Т.З. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери (макулдашуу боюнча); |
Бекматов A.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нарматова Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мамытов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Торомаматов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Айтиев Б.Б. | - | Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Жороев А.М. | - | Ноокат районундагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков А.А. | - | Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков Б.О. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактору; |
Исанова М.Н. | - | "Н.Исанов" атындагы коомдук фонду" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Зулпуев М.З. | - | "Ноокат коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдобаев А.М. | - | "Бишкеккурулуш" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Дүйшеев О.Д. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин, белгиленген мөөнөттө аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |