Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-июну № 250-б
1. 2013-жылдын 17-18-июнунда Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү КМШнын Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле 2013-жылдын 20-22-июнунда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) болуучу XVII Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Жоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегация башчысы; |
Жунусов Болот Төлөгөнович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Клименко Илья Петрович | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти. |
2. 2013-жылдын 18-19-июнунда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) бешинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Жоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Жунусов Болот Төлөгөнович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Дуйшеев Нурлан Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Кулуев Кожогелди Калакунович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Маралбаев Акылбек Өскөнбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Тынаев Нурдин Раатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын жумуш менен камсыз кылуу борборунун директору; |
Адрешова Сонун Амановна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башчысы; |
Шаршекеев Марат Дүйшөбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Байгазаков Алимжан Топчубекович | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Абдиев Таалайбек Калибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы ардактуу консулу; |
Люлина Светлана Ивановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы. |
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |