Редакцияот 14.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 14-июну № 252-б

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин жетекчиликке алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- мамлекеттик тапшырык аркылуу тартылып жаткан "Курманжан Датка" эки сериялуу көркөм фильмди тартып бүтүрүүгө "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен 30,0 (отуз миллион) сом өлчөмүндөгү кошумча каражатты 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бөлсүн;

- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2013-жылы "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине "Курманжан Датка" эки сериялуу көркөм фильмди тартууга 2011-жылы бөлүнгөн 40,0 (кырк миллион) сомдун пайдаланылгандыгы тууралуу маалыматты бир айлык мөөнөттө берсин;

- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык бөлүнүүчү каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев