Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-июну № 231-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 2013-жылдын 30-апрелинде бекитилген №6-13054 Иш-чаралар планынын 10.3-пунктун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын 2013-жылдын 22-апрелиндеги он бешинчи жыйынынын протоколун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Залкар Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын 40 900 акциядан турган 10 пайызын бир акция үчүн 100 (жүз) сом номиналдык нарк менен сатып алуу боюнча белгиленген тартипте чара көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго төмөнкү суммадагы финансылык каражатты тапсын жана бөлүп берсин:
-ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акцияларды сатып алуу үчүн 4 090 000 (төрт миллион токсон миң) сом;
- бүтүмдү тариздөөгө кетүүчү чыгымдарга төлөө үчүн 7690 (жети миң алты жүз токсон) сом.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |