Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 31-январы № 40
Кыргыз Республикасында менчик укугуна жана анын кол тийгистигине натыйжалуу кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 61-пунктуна ылайык:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасында менчик укугуна жана анын кол тийгистигине натыйжалуу кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте 2009-жылдын 20-мартына чейин киргизсин.
3. Мамлекеттик органдар жумушчу топтун ишине ар кандай көмөктөрдү көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 40 буйругуна тиркеме |
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Азимжанов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча сот коллегиясынын судьясы (макулдашуу боюнча);
Абыкеев Т.М. - Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин коррупцияга каршы саясат боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Абакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын укуктук камсыздоо жана көзөмөлдүк иштер бөлүмүнүн начальниги;
Бакеев А.К. - Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссарынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Гутниченко Л.В. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын судьясы (макулдашуу боюнча);
Давлетов А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жоомартов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга жана контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын эксперти;
Жолдошев А. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн инспектору;
Калмурзаев С.П. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасынын орун басары;
Казаков Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контролдук-укуктук башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо боюнча борборунун директору;
Мамбеталиев А.Р. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Мазарипов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалык начальнигинин орун басары.