Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 21-февралы № 81
№ 8 түзөтүү колониясында соттолгон И.М.Кочкаровдун өлтүрүлүшүнө алып келген себептерди жана шарттарды текшерүү жана аныктоо үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Турдумаматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги, комиссиянын төрагасы;
Караталов Б.Ө. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
Абдиев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын улук оперкызматкери;
Шаменов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин улук оперкызматкери;
Айтматов А.С. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын инспектору.
2. Комиссия:
- соттолгон И.М.Кочкаровду өлтүрүү фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын ишине он күндүк мөөнөттө комплекстүү текшерүү жүргүзсүн;
- текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тиешелүү маалымкат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |