Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 94
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-мартындагы № 160 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Давыдов И.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Курманбеков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Бакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Мукамбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Усеналиев Н.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бекбоев З.И. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Батаканов М.Т. - "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Раимжанов Т.М. - "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Дурусалиев М.Ж. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Иминов П.Т. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Бочко С.Н - Бишкек шаарынын ТЭЦинин директору (макулдашуу боюнча).".
Премьер-министри | И.Чудинов |