Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-марты № 109
Жүргүнчүлөрдү ташууга тартылган жеңил автомобиль транспортунун (жеңил таксилердин) ишин лицензиялоонун тартибин ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуу үчүн:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Исаев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Маматалиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү
Мамбеталиев М.К. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
|
Нишанов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мокенов А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
|
Зубов С.И. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Эшенкулов Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Бекбоев З.И. | - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
|
Темиров К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматтык-аналитикалык иштер жана нормативдик документтерди иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы;
|
Камалов Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын каттоо-экзамендик иштер бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспектору, милициянын подполковниги;
|
Байбачаева Г.А. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Укуктук колдоо жана кадрлар кызматы башкармалыгынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси. |
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- жүргүнчүлөрдү ташууга тартылган жеңил автомобиль транспортунун (жеңил таксилердин) ишин лицензиялоонун тартибин ишке ашыруу механизмдерин изилдесин жана иштеп чыксын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топтун төрагасына мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл болгон маалыматты суроого укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |