Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-марты № 120
Жаран К.Б.Мукеевдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 9-июнундагы № 363 буйругун жараксыз деп эсептөө, кызмат ордуна кайра орноштуруу жана аргасыз бош жүргөн убагындагы эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө берген доомат арызынын негизинде:
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармасынын укуктук камсыздоо, анализ жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Керимкулов Илияс Саматбековичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |