Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-апрели № 127
Эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын жана ата мекендик автомобилдик ташуучулардын кызыкчылыгын коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу үчүн:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Маматалиев А.М.
| - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын жетекчиси. |
Кулбаев А.С.
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Кайкиев Э.А.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин эки тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
|
Боотаев Т.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык контролду уюштуруу башкармалыгынын начальниги;
|
Бекжанов Э.А.
| - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек аралык контроль бөлүмүнүн начальниги;
|
Сандыбаев М.А.
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;
|
Виленский Г.М.
| - «№ 7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорттук ишканасы» ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия он күндүк мөөнөттө эл аралык автомобилдик ташуулар жаатында учурдагы кырдаалды изилдесин, ата мекендик автомобилдик ташуучулардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен аталган тармакта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Комиссиянын төрагасына белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартуу, ошондой эле алардан керектүү маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу-усулдук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |