Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-июну УӨ № 152-р
Министрликтерде, ведомстволордо, ошондой эле менчигинин түрүнө
карабастан мекемелерде жана ишканаларда ыктыярдуу элдик
кошуундарды түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү туруктуу эмес кырдаалга жана Бишкек шаарында баш аламандык жаратууга ниеттенген күчтөрдүн кырдаалды дестабилдештирүүгө умтулуп коркунуч келтирип жаткандыгына байланыштуу, укуктарын жана жеке коопсуздуктарын иш жүзүндө коргоону камсыз кылуу жөнүндө жарандардын талаптарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык:
1.Министрликтердин,ведомстволордун, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарында жайгашкан мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлеринен ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүшсүн.
2.Министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин жана ишканалардын имараттарын жана мүлкүн коргоо, ошондой эле зарыл болгон учурда Бишкек шаарында туруктуу абалды камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоону жана укук бузуучуларга каршы күрөшүүнү күчөтүүгө көмөктөшүү түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундардын негизги максаты болуп эсептелээри белгиленсин.
3.Министрликтердин,ведомстволордун, ошондой эле мекемелердин жана ишканалардын жетекчилеринин чечимдери менен бекитилген түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундардын тизмелери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги Ыктыярдуу элдик кошуундардын республикалык оперативдүү штабына берилсин.
4.Ыктыярдуу элдик кошуундар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөөрү белгиленсин.
5.Түзүлүп жаткан ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы жетектөө жана алардын иштөөсү үчүн жеке жоопкерчилик министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
6.Жогорку Кеңештин, министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик башка органдардын имараттарын коргоо үчүн түзүлүп жаткан элдик кошуундардын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары С.Н.Байназаровго жүктөлсүн.
7.Бул тескеме кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |