Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-июлу № 234
Кыргыз Республикасынын Президентине "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кайрылууларында баяндалган фактыларды текшерүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;
Абдыкапаров Э.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транспортту, отун-энергетикалык комплексти, туризм жана инфраструктураларды каржылоо бөлүмүнүн башчысы;
Исаков Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин айыл чарба ишканаларын кооперациялоо жана өзгөртүп кайра түзүү бөлүмүнүн башчысы;
Кызаев Э.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн контролдук иштер боюнча инспектору;
Кутуева А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертизалар башкармалыгынын башкы адиси;
Парамонов Н.М. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Сарыбаев С.М. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспектору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кайрылууларында баяндалган фактыларды бир жумалык мөөнөттө карап чыксын жана ал боюнча корутундуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүн жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |