Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-сентябры № 266
(КР Премьер-министрин 2014-жылдын 12-январындагы № 4 буйругунун редакциясына ылайык)
Нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде даярдоо жана мамлекеттик тилди өнұктұрұұ жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркұндөтұұ менен байланышкан проблемаларды иликтөө максатында:
1. 1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жолдошев Н.Б. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары. ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси,
ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдрасаков Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Абдылдаева А.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтұнұн Аппаратынын өкмөттұн чечимдерин даярдоо бөлұмұнұн башчысынын орун басары;
Акматалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;
Жунушалиева А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин котормо секторунун башчысы,
Бектурова Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин котормо секторунун башчысы
Досалиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын котормо жана актыларды чыгаруу секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Жумабекова Т.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Ибрагимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору,
Ибраимов С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча департаментинин Терминкомунун төрагасы,
Кадыров Ы.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттун чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн өкмөттүн чечимдерин чыгаруу боюнча секторунун башчысы,
Калмаматов А.А. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча)
Качакеева А.С. - Кыргыз Республикасьшын Өкметүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары,
Култаева У.Б. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору,
Кушубеков К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча),
Молдоканов А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча департаментинин котормо жана көрнөк-жарнак бөлүмүнүн башчысы,
Эргешов А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча),
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Маматкеримова Г. - ПРООНдун улуттук консультанты (макулдашуу боюнча);
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик тилдеги нормативдик укуктук актыларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик тилди өнұктұрұұ жаатындагы нормативдик укуктук базаны өркұндөтұұ боюнча сунуштарды 2010-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтұнұн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |