Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-сентябры № 279
Республиканын илимий-техникалык өнүктүрүү тармагындагы сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйлансын:
- Бабак Валентин Федорович, техника илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун профессору, "Экономикадагы маалыматтык системалар" кафедрасынын башчысы;
- Кадыркулов Сүйөркул Сеитович, техника илимдеринин доктору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун профессору, Энергетика жана байланыш институтунун директору;
- Супонина Татьяна Алексеевна, техника илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун профессору, "Консервациялоо технологиясы" кафедрасынын башчысы.
Премьер-министри | И.Чудинов |