Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-ноябры № 355
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык өзгөртүп түзүүгө байланыштуу төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулсун:
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору,
Кожогулов Нурланбек Жамалдинович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясынын директору,
Элебесов Болотбек Дердешович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору,
Турганбаев Айбек Калмакович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын начальниги,
Жигитов Акбар Салижанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы,
Жолдошбай уулу Бакыт - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы,
Тайляков Адыл Абылович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары,
Жуманалиев Бакыт Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы,
Жусупов Үсөнакун Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Материалдык резервдер фондунун директору,
Үркүнбаев Шайлообек Дүйшөнович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы.
Премьер-министри | Д.Үсенов |