Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-декабры № 472
2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктарын чыгаруу максатында төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Алапаев М.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдыкалыков О.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Давыдов И.А. - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Исаков Ж.Ы. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
Закиров Б.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кадырбаев А.Т. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Токтоболотов М.А. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Бекбоев Т. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жумаканов М.Б. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Чаргынов К.С. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Асамидинов А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Аланов А.А. - Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары 2010-жылдын 25-январына чейинки мөөнөттө 2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты жана сунуштарды коллегияларында карашсын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги 2010-жылдын 5-февралына чейинки мөөнөттө 2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары боюнча материалдарды жана сунуштарды жумушчу топтун кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топ 2010-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө 2009-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жумушчу топко жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |