Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-январы № 71
Кыргыз Республикасынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Мухамеджанов Абылай Жумакадырович
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жолдубаева Индира Ырысбаевна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы;
|
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо боюнча тобунун жетекчиси;
|
Тарбинский Олег Станиславович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Аттокуров Марат Сабырович | - USAID долбоорунун бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча юристи (макулдашуу боюнча);
|
Жунушалиев Мелис Турусбекович | - PRAGMA долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштуруунун негизги багыттары боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоорунун мазмунунун концепциялык жоромолун коомдук угууларда айтылган сунуштарды эске алуу менен даярдасын жана аны жетекчиликтин жактыруусуна киргизсин.
3. Эки жумалык мөөнөттө концепциялык жоромолунун негизинде тиешелүү мыйзам долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |