Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-февралы № 148
2011-жылдын 1-5-мартында укук коргоо чөйрөсүндө иликтөө жана тажрыйба алмашуу маселелери боюнча Грузияга Кыргыз Республикасынын делегациясынын иш сапарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын делегациясы:
Атаханов Шамиль Есенжанович
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, делегациянын башчысы; |
Бекенов Марат Эсенбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;
|
Салянова Аида Жеңишбековна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Алымбеков Бактыбек Маданбекович | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
|
Сулайманкулов Нурлан Арзыматович | - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды аткарууну жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Байзаков Шейшенбек Калилбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
|
Алиева Гүлсара Мединовна | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин илимий-изилдөө борборунун начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрү 2011-жылдын 1-5-мартында Грузияга командировкага жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2011-жылдын 10-мартына чейин жасалган иштер жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине берсин.
4. Командировкага байланыштуу чыгымдар ОБСЕнин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн эсебинен төлөнсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |