Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 28-майындагы № 474 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-марты № 158
Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жана жарандардын тизмелерин түзүү жана бекитүү боюнча ишти тартипке келтирүү жана уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 82 «Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван районунун аймактарында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондусунун жерлери» категорияларынан «Калктуу пункттардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Сатыбалдиев Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, комиссиянын төрагасы;
|
Нарбаев К.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Бакчиев Ж.А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
|
Мамбеталиева Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Усенов Ф.У.
| - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Тезекбаев К.Т.
| - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Жолдошев С.Т.
| - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Гапаров А.Г.
| - Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Сабиров Т.Н.
| - Ош шаарынын биринчи вице-мэри;
|
Рахманов Э.А.
| - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы;
|
Арстанбекова Т.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Баев К.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Кадырова Ж.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Каратаев М.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Кочкорова Н.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Түмөнова М.
| - Ош облусунун коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Агзамов Э.Р.
| - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Эрмамбетова Р.А.
| - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Бердалиева С.Б.
| - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Сарыбашев Ж.
| - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Султанова Г. | - Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Ош облусунун, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына, Ош шаарынын мэриясына кайрылган жарандардын ичинен жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж болгон жарандардын тизмелерин бекитүү;
- Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына, Ош шаарынын мэриясына жеке турак үйлөрүн куруу үчүн жер участокторун бекитилген тизмелерге ылайык бөлүп берүү боюнча ишти уюштурууга көмөк көрсөтүү.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл болгон маалыматты суроого укук берилсин.
4. Бул буйруктун 2-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тизмелерди белгиленген тартипте түзүү үчүн жеке жоопкерчилик Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, Ош шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу, ошондой эле агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |