Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-апрели № 207
Кызыкдар болгон мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара байланышта иштөөсүн камсыздоо, мамлекеттик органдарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартылган донордук каражаттар боюнча акыркы натыйжага толук жана өз учурунда жетүү максатында:
1. Мамлекеттик органдарда интеграцияланган автоматташтырылган системаларды түзүү максатында кызматташуу жана өз ара байланышта иштөө боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Абдыкаимов О.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Асанкожоева З.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Майкозов К.А. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Абжапаров Т.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Байжуманов Ж.Б. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Малабеков З.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Жунусов Б.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Дүйшөмбиева Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Борбордук казыначылыгынын автоматташтыруу бөлүмүнүн башчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын ортосундагы тыгыз өз ара байланыш үчүн ишти координациялоону жана уюштурууну камсыздасын жана эл аралык институттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |