Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-апрели № 210
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы милдетин аткаруучу К.К.Байболов берген маалыматтарды иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясы түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктарын бир айлык мөөнөткө, ушул жылдын 14-майына чейин убактылуу токтотуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон мезгилде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун долбоорун бекитүүгө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү бул буйрук жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерин жана комиссияларын маалымдасын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |