Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 14-июну № 310
Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында 2011-жылдын 12-июнунда болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Борбиев Б.И.
| - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Бурканов А.О.
| - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын-губернатордун милдетин аткаруучу;
|
Жусуматов Э.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Касейинов К.У.
| - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
|
Кожошев А.О.
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
МамаевК.А.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
|
МамбетовТ.М.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары. |
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине баруу менен келтирилген материалдык зыяндарды, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
- 5 күндүк мөөнөттө Кыргыз РеспубликасынынёӨкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |